OSCE Programme Office in Bishkek
Элчи Пьер фон Аркс
Head of the OSCE Programme Office in Bishkek
Швейцариялык Элчи Пьер фон Аркс Бишкектеги Программалык кеңсени 2016-жылдын 14-октябрынан тартып жетектөөдө. Ал ошондой эле Бишкектеги ЕККУ Академиясынын камкорчулар кеңешинин да башчысы болуп саналат.
Пьер фон Аркс ЕККУда 16 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Женева университетинин биохимия факультетин аяктаган соң Элчи Пьер фон Аркс Цюрихтеги Швейцария федералдык технологиялык институтунда генетикалык жана молекулярдык биология боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Ошондой эле аскерий илимдер жаатындагы магистр даражасына ээ, отставкадагы генерал-полковник наамы бар. Элчи Пьер фон Аркс француз, немис, англис, испан тилдеринде эркин сүйлөйт, орус тилин базалык деңгээлде билет.